Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия жыйынга чогулат


Маркум Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаев.
Маркум Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаев.

Бүгүн, 21-июнда саясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынга чогулат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мунун алдында бул комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектери белгилүү болгон. Ага акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

XS
SM
MD
LG