Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Камактагы Мелис Аспеков ачкачылык жарыяларын билдирди


Мелис Аспеков ушул жылдын башында камалган.
Мелис Аспеков ушул жылдын башында камалган.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 21-июнда жарандык активист Мелис Аспековдун ишин кароо уланды. Анда айыпталуучу судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштырууну талап кылып ачкачылык жарыяларын айтты. Азырынча Аспековдун жакындары менен жактоочусу комментарий бере элек.

Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Ага алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган.

Март айында Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Учурда анын бул ишти Бишкек шаардык соту карап жатат.

Аспеков сот отурумдарынын биринде Садыр Жапаров шайлоо маалында экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын айтып чыккан. 2021-жылы Аспековдун ушундай билдирүүсүнө байланыштуу экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков сотко кайрылган. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы арыз ээси моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом талап кылып, Аспековдон " Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар берген" деген маалыматын төгүндөөнү талап кылып жатканын маалымдаган.

Ушул айдын башында Садыр Жапаров Аспековдун айыптоосун четке кагып, Сооронбай Жээнбековдон акча алды деген негизсиз экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG