Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

ЖКда ипотека насыясын берүүдөгү коррупция маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 21-июндагы жыйынында мамлекеттик ипотека насыясын берүүдөгү коррупцияга байланыштуу дооматтар айтылды. Депутат Эмил Жамгырчиев комитеттин келерки жыйынына Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилигин чакырып, алардан отчет алууну сунуштады.

"Ипотека насыясын алуу үчүн бүгүнкү күндө 35 миңге жакын мамлекеттик кызматкер кезекте турат экен. Өкмөттүн токтомдоруна ылайык кезекке турат экен. Ошол тизмедеги 35 миң адам ипотекалык насыяны качан алары белгисиз. Мамлекеттик ипоткалык компаниянын өзүндө өтө чоң коррупциялык элементтер бар. Мен бул тууралуу өзүнчө кагаз түрүндө берем. Бул жерге биз алардын жетекчилерин чакырып, отчетун алышыбыз керек, биз дагы суроолорубузду беришибиз керек. Алар өзүнчө ич ара дагы бир кезек уюштуруп койгон. Ким акча берсе кезеги алдыга жылып кетет. Анын баары фактылар менен бар",-деди Жамгырчиев.

Комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков бул сунушту колдоду.

Мамлекеттик ипотека компаниясы мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында аталган компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова быйылкыга бөлүнгөн 1 млрд. 800 млн. сомдун басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 1 млрд. 594 млн. сомуна 640 адамга ипотекалык насыя берилгенин маалымдаган.

Ал учурда 39 миң адам ипотекалык насыя алуу үчүн катталганын, анын 12 миңден ашууну жактырылганын, 3700 адам банкта кезегин күтүп, 640 адам насыя алып жатканын айткан.

Ушул жылдын 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан.

Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, "Айыл банк" жана "Бакай банк".

Буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражаттан ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берген. Ага ылайык, учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алат. (

Расмий маалыматка ылафык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө үйлүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG