Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Акыйкатчы институту наристенин сабалышына байланыштуу сотко байкоо жүргүзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда эки жаштагы Егордун сабалганына байланыштуу өтүп жаткан соттук отурумга байкоо жүргүзүүдө.

Отурумда баланын сот адилеттигине болгон укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканы көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу башкы укук коргоочу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.

Сокулук райондук соту эки жаштагы наристенин сабалышына байланыштуу ишти карап жатат. 21-июнда күбөлөр суралды.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. 7-февралда бир жаштагы Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган.

Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG