Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

"Эл үмүтү" стипендиясын берүүнүн эрежелери талкууланды


"Эл үмүтү" стипендиясы боюнча талкуу. 21-июнь, 2022.
"Эл үмүтү" стипендиясы боюнча талкуу. 21-июнь, 2022.

Бүгүн, 21-июнда "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү. Анда стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендия программасын ачуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-майда кол койгон.

Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка быйылтан тарта атайын стипендия бериле баштайт. Программада берилчү акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары, анын көлөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.

Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Ошондой эле экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.

Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.

Кыргызстанда 70тен ашуун жогорку окуу жайы бар. Мындан тышкары кыргызстандык жаштар чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырып, бекер жана акы төлөп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG