Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Кытайдын аскердик учактары Тайвандын аймагына кирди


Кытайдын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июнда Кытайдын 29 аскердик учагы, анын ичинде бомба таштоочу техникалары Тайвандын аба мейкиндигине кирип, аралдын түштүк жагында жана Тынч океанында учуу жасады. Тайвандын бийлиги өзүнүн учактарын асманга көтөрүп, аларга эскертүү берди.

Расмий Тайбэй абадан коргонуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Бул майдын этегинен берки эң чыңалган абал болуп калды. Кытай 23-январда 39 учагын, 30-майда 30 учагын аралдын аймагында учуруп, машыгуу өткөргөн.

Тайван акыркы эки жылдан бери алардын аба мейкиндигине Кытайдын учактары кирип, аскердик машыгууларды өткөрүп жатканын даттанып келген. Алар бул аракеттерди атайын чагым катары баалап, расмий Бээжин Тайбэйдин реакциясын текшерип жатканы менен байланыштырган.

АКШнын президенти Жо Байден 24-майда Токиодо Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн “Төрт тараптуу диалогу” саммитине катышып жатып, эгер Кытай Тайванга аскерин киргизсе, АКШ кийлигише турганын эскерткен. Ал өз сөзүндө Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кийин Тайванды коргоо зарылчылыгы ого бетер күчөгөнүн кошумчалады.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG