Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганына бир апта болгондо эле ага алгачкы сөгүш берилгенин билдирди. Ал Инстаграмдагы баракчасына ушул кезге чейин ага берилген сөгүштүн жалпы саны 30га жеткенин, 30-августта анын баары жоюулушу керектигин, бирок жаңы абакка которулары менен эле дагы бир ушундай жаза алганын жазды.
Навальныйдын айтымында ага сөгүш эртең менен бети-колун түрмөдө берилген формасын кийбей жуунганы үчүн берилген.
Саясатчы буга чейин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Покров шаарында түзөтүү колониясынан 14-июнда башка абакка күтүүсүз которулганы белгилүү болгон.
Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту биринчи инстанциянын майда ушул эле өкүмдү күчүндө калтырган.
Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырат.
Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.
Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет.