Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Пара менен кармалган Ат-Башынын башкы салыкчысы иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы району боюнча башкармалыктын жетекчиси "ишеничтен кеткенине байланыштуу" деген себеп менен иштен алынганын билдирди.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ат-Башынын башкы салыкчысы 12 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүү "күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди анын пайдасына чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланууда.

Айыпталуучунун жактоочу жана жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине каршы өкмөт үйүнүн алдына соодагерлер нааразылык акциясына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG