Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Пара алууга шектелген судья УКМКнын тергөө абагына киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумгал райондук сотунун судьясы А.А пара алууга шек саналып, тергөө абагына камалганын кабарлады.

УКМК өткөн айдын соңунда судья А.А жана Жумгал райондун прокурорунун орун басары акча алып жаткан жеринен кармалганын, Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Мурдараак райондук прокурордун орун басары эки айга тергөө камагына камалган.

17-июнда мамлекет башчы Садыр Жапаров Жумгал райондук соттун судьясы Ачылбек Арзиевди кызмат ордунан убактылуу четтеткен жарлыкка кол койгон. Ага чейин Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Өткөн айдын соңунда Башкы прокуратура Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй эле Соттор кеңеши бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок Башкы прокуратура бул билдирүүнү кайра жокко чыгарган жана судьяны жоопко тартууга Соттор кеңешинин макулдугу керектигин белгилеген.

2021-жылы жергиликтүү жана Жогорку Соттун айрым судьяларына кылмыш иштери козголгон. Алардын көпчүлүгү коррупцияга байланыштуу айып коюлган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG