Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Күрөш: Кыргызстандык үч балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду


Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери. Солдон оңго: Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг, күмүш), Адилхан Нурланбеков (72 кг, алтын) жана Аманат Самат уулу (67 кг, күмүш). 23-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.
Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери. Солдон оңго: Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг, күмүш), Адилхан Нурланбеков (72 кг, алтын) жана Аманат Самат уулу (67 кг, күмүш). 23-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болду.

23-июнда грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, таймаштар айлампа тартибинде өттү.

Алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) алды. Нурланбеков финалда өзбекстандык Жахонгир Хамроевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал финалга чейин казакстандык Кирил Минкону 9:0, индиялык Диипак Пунияны 5:1 жана түркмөнстандык Бегмурат Нобатовду 9:4 эсебинде уткан.

Алтын байге үчүн беттеште Акылбек Талантбеков дагы бир өзбекстандык Дилшод Омонгелдиев менен таймашып, 9:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен жеңди (12:0, 9:0, 8:0, 10).

Айлампа тартибиндеги беттештердин 3-раундунда Бексултан Назарбаев түркмөнстандык Тойлы Орозбаевди 9:0 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды. Назарбаев ага чейин казакстандык Рахат Сагымбайды 10:0, индиялык Рохит Дахияны 8:0 эсебинде уткан.

Андан сырткары Кыргызстандын эсебине күмүш байгелерди Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Данияр Шеримбеков (97 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) алып келди. Эртең күрөштүн бул түрүнөн үч салмакта таймаштар болот. Кыргызстандан Улан Муратбек уулу (55 кг), Эрмек Каныбек уулу (63 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) чыгат. Командалык эсепте азырынча Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курама командасы бул Азия чемпионатында 155 упай топтоп, 1-орунда бара жатат.

19-июнда башталган күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. 24-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн да таймаштар болот. Бул күнү Кыргызстандан Назик Мирлан кызы (50 кг), Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Сезим Жуманазарова (59 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) чыгат.

Эки курактагы балбандардын чемпионатына 21 мамлекеттен 600гө жакын спортчу келген. 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздардын эркин күрөшүнөн таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.

Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG