Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Акыйкатчы: Асанбаев акыркы жолу тергөөчү менен адвокатсыз сүйлөшкөн


Макум Бакыт Асанбаевдин сөөгү 19-июнда жерге берилген.
Макум Бакыт Асанбаевдин сөөгү 19-июнда жерге берилген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мурдагы банк кызматкери Бакыт Асанбаев өмүрүнүн акыркы күнүндө Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү менен адвокаты жок сүйлөшкөнү аныкталганын билдирди. Мындан улам ал тергөөчү да суракка алынышы керектигин, Асанбаев эмнеге башка камерага которулган жагдай иликтениши зарылдыгын билдирди.

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия 23-июнда УКМКнын тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыккан. Бул комиссиянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы эки аптадай иш жүрөрүн, маркумдардын комиссияга кирген жакындары да байкоочу камеранын тасмаларын көргөнүн “Азаттыкка” билдирген.

“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек. Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биз көргөн тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”, - деген Байсалов.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап иликтеп-териштирүү үчүн комиссия түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG