Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Акыйкатчы Ниязовдун саламаттыгынан улам президентке кайрылды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун саламаттыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда Ниязовдун абалы оор экенин, ден-соолугу барган сайын начарлап жатканын анын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканы белгилеген.

"Анын жакындарырын маалымдашынча, Ниязовго Кардиология жана терапия улуттук борбору III даражадагы гипертония деген диагноз койгон жана бул өтө олуттуу оору болуп эсептелет. Бул дарт айыпталуучуну камакта кармоого болбойт деген өкмөт бекиткен оорулардын тизмесине кириши мүмкүн. Акыйкатчы Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында үч адамдын өлүмү катталгандан кийин бардык мамлекеттик органдар адам укугун жана сэркиндигин сактоо боюнча улуттук жана эле аралык мыйзамдарды так сакташы керек деп эсептейт",-деп айтылат аталган институт тараткан маалыматта.

Ушул айдын башында Бишкек шаардык соту Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартып, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Кой-Таш жана 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча кармалгандар арасынан азыр абакта Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG