Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы көчкүнүн айынан убактылуу токтотулду


Бишкек-Балыкчы темир жолу. 2022-жылдын 24-июну.
Бишкек-Балыкчы темир жолу. 2022-жылдын 24-июну.

Нөшөр жаандын кесепетинен Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн 25-июнда поезд бул багытта каттабайт. Себеби 24-июндун кечинде “Жел-Арык” тилкесинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган.

Натыйжада Балыкчыдан Бишкекке келе жаткан поезд кайра артка жөнөтүлгөн.

Жол толук тазаланып бүткөнү, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жеринде иштей турганы кабарланды.

Синоптиктер соңку күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында нөшөр жаандын кесепетинен сел жана көчкү жүрүшү ыктымал экенин эскертип келет.

Бишкек–Балыкчы поезд каттамы 17-июндан тартып кайра иштей баштаган болчу. Соңку 12 жылдан бери алгачкы жолу билет баасы жогорулаган. Чоңдордун жол киреси Балыкчыга чейин мурда 69 сом болсо, 17-июндан тартып 150 сомдон сатыла баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG