Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Жапаров Рахмон менен эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулады


Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. Коллаж сүрөт.
Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. Коллаж сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 30-июнда Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду".

Эки президент Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушканы, эки мамлекет жана эки эл ортосундагы ынак коңшулук менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашканы да кабарланды.

Чек аралаш эки өлкө ортосундагы негизги маселе - чек ара тилкесинин тактала электиги. Мунун айынан былтыр жазында ондогон адамдын өмүрүн алган ири чек ара чыры катталган.

Эки күн мурда Тажикстанга иш сапары менен Орусиянын президенти Владимир Путин барып кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG