Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Казакпаев менен чогуу айыпталган Токтоучиковго өкүм чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен бирге кармалган Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиковго карата сот өкүмү чыгып, ал 2,5 жылга эркинен ажыратылганын 4-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 27-июнда чыкты. Токтоучиков Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциядагы) “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөмөй болду.

Токтоучиков жана Казакпаев кармалганы 2021-жылдын апрелинде белгилүү болгон. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалышкан.

56 жаштагы илимдин доктору, профессор Казакпаев быйыл 10-июнда абактан эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилип, ошол жакта көз жумган. Ал каза болгонуна байланыштуу иши кыскартылганын Бишкектин Биринчи Май райондук соту 30-июнда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG