Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Улуу Британия Беларуска каршы жаңы санкция жарыялады


Британ премьер-министри Борис Жонсон Украинада. 2022-жылдын 17-июну. Архивдик сүрөт.
Британ премьер-министри Борис Жонсон Украинада. 2022-жылдын 17-июну. Архивдик сүрөт.

Улуу Британиянын өкмөтү Беларуска жана бул өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенконун режимине каршы экономикалык, соода жана транспорт санкцияларынын жаңы пакетин киргизерин жарыялады. 4-июлдагы билдирүүсүндө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияга каршы кабыл алынган айрым маанилүү чаралар Беларуска да колдонуларын, жаңы чектөөлөр 5-июлдан тартып иштей баштарын айтты.

Көптөгөн белорус компанияларына баалуу кагаздарын Лондондон басып чыгарууга, дүйнөлүк класстагы каржы кызматтарынын Улуу Британиядагы сектору менен кызматташууга чектөө коюлары белгилүү болду.

«Белорус режими Владимир Путинге Украинага кол салууга, өз аймагы аркылуу аскерлерин өткөрүп, ракеталарын жана учактарын учурууга активдүү жардам берген», — деп билдирди британ ТИМи.

24-февралда Орусия Украинага кол салганы үчүн Батыш өлкөлөрү бул өлкөгө каршы бир катар санкция жарыялашкан. Беларус согуштун түз катышуучусу эмес, бирок ал Украинанын аймагына көбүнчө украин-белорус чек арасынан кирип барган орус аскерлерине материалдык-техникалык жактан жардам берүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG