Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Министр Иманов "Азаттыктын" иликтөөсү тууралуу жооп берди


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөө боюнча “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде жооп берген. Иманов тергөөдө суралганын, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш токтотулганын билдирген.

"Кыскача айтканда “Уландын” кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши болгон. Ал иш боюнча мен суралгам. Кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан мага карата иш токтотулган", - деп жооп берген Иманов.

20-июнда "Азаттык" радиосу "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Анда 2020-жылы май айында Дастан заводунун алдындагы "Улан" ишканасынын жетекчилиги "Альфа Легион" менен жасалма келишим түзүп, бюджеттик акчадан 54 млн. сом чыгарып кетти деп айыпталганы айтылат. Иликтөөдө мамлекеттик ишканадан миллиондор кандай жол менен чыгарылып кеткени, бул кылмышка шектелгендер соттон кантип акталганы баяндалган. Анда азыркы министр Талантбек Имановдун аты аталат.

Иманов “Азаттыкка” бир нече жолу маек берүүгө убада берген. Бирок бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG