Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Чек арада жараат алган эки аскер жакында ооруканадан чыгат


Жараат алган эки чек арачы Улуттук госпиталда дарыланууда.
Жараат алган эки чек арачы Улуттук госпиталда дарыланууда.

Бир ай мурда Баткенде чек арада жараат алган эки кыргызстандык аскердин абалы жакшы, жакында алар ооруканадан чыгат. Бул тууралуу 7-июлда “Азаттык” радиосуна Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди:

“Зулумбек жакшы болуп калды. Бир ай мурда аябай оор абалда эле. Сүйүнбек уулу да жакшы. Анын омурткасы жабыркаган. Басып жүрөт. Жакында чыгып кетишет».

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн, алар өз аймагына кетүү талабын аткарбай, ок чыгарышканын кыргыз тарап билдирген. Ок атышуу бир нече сааттан кийин токтогон.

Жараат алган эки чек арачы Бишкекке 4-июнда жеткирилген. 21 жаштагы Сүйүнбек уулу Бекмырза башынан жараат алганы, мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынганы, ал эми 22 жаштагы Зулумбек Жалиловдун абалы оор экени, анын баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаганы, мээси чайкалганы айтылган.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын, анын абалы орточо оор экенин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG