Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Блинкен Шри-Ланкадагы баш аламандыкка Орусиянын салымы бар экенин билдирди


Коломбо шаары. 9-июль 2022-жыл
Коломбо шаары. 9-июль 2022-жыл

Орусиянын Украинадагы буудайды чыгарбай жатышы Шри-Ланкадагы баш аламандыкка салым кошту. Мындай пикирин ортого салган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен блокада дүйнөнүн башка жерлериндеги кризистерге алып келиши ыктымал деген камтамалыгын билдирди.

Америкалык башкы дипломат Орусияны 20 миллиондой тонна буудайды Украинадан чыгарууга жол берүүгө дагы бир ирет чакырды.

10-июлда Таиланддын башкалаасы Бангкокто журналисттердин суроолоруна жооп берген чакта Блинкен Москва кошуна өлкөгө кол салгандан бери дүйнөнүн чар тарабында азык-түлүк каатчылыгы күчөп жатканын белгиледи.

Саясатчы Таиландда да жер семирткичтер кымбаттап жатканын кошумчалады.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.

Нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп жаткан, валюталык резерв түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолт болгон.

Украина дандын дүйнөдөгү ири экспортерлорунун бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG