Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Кыргызстан санкциядагы товарларды Орусияга өткөрүшү мүмкүн деген өлкөлөрдүн катарына кошулду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелчилиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктады. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин алдындагы каржылык кылмыштар менен күрөшүү түйүнү менен Өнөр жай жана коопсуздук бюросу даярдаган документте айтылат. Анда экспорттук көзөмөлдү жазгырып кетиши ыктымал деген уюм жана өлкөлөрдүн тизмеси бекитилген.

Ага Кыргызстан менен катар Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израил, Сербия, Түштүк Африка, Тайван, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр киргизилген.

Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырье катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

Тизмеде «эң жогорку тынчсыздануу жаратчу» товарлардын катарына аскердик максатта колдонулчу техника: антенналар, мунай өнөр жайына керектеле турган жабдыктар, CPS системалары киргизилген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн.

Кыргызстан орус-украин чатагында бейтарап позицияда экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG