Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Кыргыз-орус өкмөт башчылары телефондон сүйлөшүштү


Орусия менен Кыргызстандын желеги.
Орусия менен Кыргызстандын желеги.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен орус премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөшүп, эки мамлекеттин алакасы, соода-экономикалык, энергетика жана айыл чарба тармагындагы байланышты талкуулашты. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында жазылды.

Андагы маалыматта, Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык мамилелерди дагы талкуулашканы жазылат.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери дагы телефондон сүйлөшүшкөн.

АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелчилиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктады. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн. Кыргызстан орус-украин чатагында бейтарап позицияда экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG