Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

“Чөйрө”: Европадагы кыргыздардын федерацияларын түзүү демилгеси көтөрүлдү (Видео)


Ишкер Азамат Исмаилов "Чөйрө" форумунда сүйлөп жатат. 13-июль, 2022-жыл.
Ишкер Азамат Исмаилов "Чөйрө" форумунда сүйлөп жатат. 13-июль, 2022-жыл.

Швейцариянын Люцерн шаарында өтүп жаткан “Чөйрө-2022” форумунда чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын федерацияларын жана конфедерациясын түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Аны жакынкы мезгилге чейин Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлү болуп иштеп келген, учурда Польша жана Германияда эмгектенип жаткан ишкер Азамат Исмаилов сунуштады.

Ишкердин айтымында, Европадагы кыргыз диаспоралары көп, алардын башын бириктирген платформа зарыл.

"Конфедерация болсо Кыргызстандын өкмөтү менен көйгөйлөрдү биргелешип чечкенге да оңой болот. Маселен, жумушка келип жаткандардын маселеси тез чечилет", - деди Исмаилов.

Форумга катышып жаткан ишкер, Түркиядагы “Кыргызстан” достук жана маданият коомунун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул федерациялар кыргызстандык чакан коомдук уюмдардын максаттарын ишке ашырууга жардам берерин белгиледи. Ал чет өлкөдөгү түркиялыктардын федерациялары ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.

13-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын "Чөйрө-2022" деп аталган форумунун экинчи күнү уланып жатат. Форумга Германия, Швейцария, Австрия, Франция, Чехия жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG