Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту


Ташиевдин курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушкан жыйын. 13-июль, 2022-жыл.
Ташиевдин курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушкан жыйын. 13-июль, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев ага кайрылуу жолдогон курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, куруучулар Бишкектин түштүк аймагындагы курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун жоболорун жокко чыгаруу боюнча кайрылышкан. Алар бул маселе үч жылдан бери чечилбей жатканын айтышкан.

Ташиев тиешелүү мамлекеттик органдарга абалды иликтеп чыгууну тапшырды.

Буга чейин борбор калаада курулуш компаниялар баш аламан имараттарды салып, айрым жерлер мыйзамсыз алынганын текшерүү үчүн парламентте атайын комиссия түзүлгөн.

Экологдор Бишкектин түштүк аймагында курулуш түшүп жатканын сындап келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG