Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Түндүк Корея Донбасстагы жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея Украинанын эки облусунун аймагында өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет деп тааныды. Бул тууралуу “РИА-Новости” маалымат агенттиги Түндүк Кореянын Москвадагы элчилигине таянуу менен кабарлады.

Түндүк Кореянын элчиси Син Хон Чхоль аталган эки түзүмдүн өкүлдөрүнө өкмөттүн аларды таануу тууралуу чечимин тапшырганын кремлчил Телеграм-каналдар жазып жатышат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Түндүк Кореянын маалымат агенттиктери жагдайды комментарийлей элек.

Июндун аягында Сириянын Москва колдогон бийлиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин көз карандысыздыгын тааныган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка өлкөлөр мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG