Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Евробиримдик Орусиянын Калининград облусуна товар өткөрүүгө уруксат берди


Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат.
Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат.

Европа Комиссиясы Орусиянын Калининград облусуна Евробиримдиктин аймагы аркылуу автоунаа менен жүк ташууга гана тыюу салынганын, темир жол аркылуу товар жеткирүү текшерүүдөн кийин аткарыла берсе болорун жарыялады. Аскердик жүктөрдү жана курал-жарак багытындагы товарларды транспорттун бардык түрлөрү менен алып өтүүгө болбойт.

Орусиянын бийлиги Еврокомиссиянын чечимдерине комментарий бере элек. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова мекеме азырынча жарыяланган документти изилдеп бүтө электигин айтты.

Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат. Июндун ортосунан тартып Литва бул аймакка темир жол аркылуу жүк ташууга бөгөт койгон. Ар башка маалыматтарга ылайык, чектөө бул аймакка кирчү жүктөрдүн 40-60% камтыган.

Орусия бийлиги буга байланыштуу Литвага каршылык билдирип, алар дагы "жооп чараларга" кабыларын эскерткен. Литванын жетекчилиги өз чечимин Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Европа Биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн Орусияга каршы санкцияларын аткаруу аракети катары мүнөздөгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG