Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Аскердик кылмыштарга айыпталган ирандык жаран Швецияда өмүр бою камалды


Хамид Нури. Архивдик сүрөт.
Хамид Нури. Архивдик сүрөт.

Швециянын соту Ирандагы 1988-жылкы аскердик кылмыштарга айыпталган мурдагы ирандык түрмө кызматкери Хамид Нурини өмүр бою абакка кести. 61 жаштагы Нури “эл аралык укукка каршы олуттуу кылмыштары" жана “адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Соттолуучу өкүмдүн үстүнөн даттана алат. Швецияда өмүр бою деп берилген абак адатта 20-25 жылды түшүндүрөт. Жаза мөөнөтү андан кийин узартылышы мүмкүн.

33 жыл мурда Иранда ошол кездеги жогорку лидери Аятолла Рухолла Хомейнинин буйругу менен беш миңдей саясий туткун дарга асылган. Швед айыптоочуларынын жүйөсүнө караганда, Хамид Нури ал кезде Гохардашт түрмөсүндөгү прокурордун кеңсесинде иштеген жана жырткычтык аракеттерге тиешеси болгон.

Нури 2019-жылы Швецияга келгенде кармалып, ошол бойдон камакта. Анын соту 2021-жылы августта башталган.

Швециянын универсалдуу юрисдикция принциби адам өлтүрүү жана аскердик кылмыштар сыяктуу иштер өлкөнүн сыртында болгонуна карабай адамды соттой алат. Нури азырынча жапырт адам өлтүрүү беренеси боюнча айыпталган жалгыз киши. Ал өзү айыптоолорду мойнуна алган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG