Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

"Дастан" заводу банкроттуулук жөнүндө кабарларга жооп кайтарды


"Дастан" трансулуттук компаниясы Орусиянын "Ростех" корпорациясынын тышкы соода боюнча туунду компаниясы "Электронинторг” ишканасынын заводду банкрот деп табуу аракеттерин негизсиз жана ИВЛ аппараттарына байланыштуу соттук териштирүүлөргө басым катары баалайт.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө, "Электронинторг” ишканасынын өкүлү Евгения Руденконун заводду банкрот деп таптыруу аракети негизсиз экени, “Дастан” заводу Кыргызстанда 700 адамга жумуш берген, казынага ири салык төккөн стратегиялык ишкана экени айтылат.

Маалыматта заводду өнүктүрүүгө 120 млн. сом жумшаганын жана ушул жылдын беш айында жалпы кирешеси 1 млрд. 218 млн. сом, анын таза пайдасы 97 млн. 996 миң болгону мисал келтирилген.

"Дастан" трансулуттук компаниясы "Электронинторг” ишканасы менен ИВЛ аппараттарына байланыштуу соттошуп жатканын белгилеп, бирок, банкроттуулук жөнүндө сөз жок экенин белгилейт.

Буга чейин орусиялык корпорация 2020-жылы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 даана ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөй жүргөнү үчүн Кыргызстандын "Дастан" трансулуттук компаниясын банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялаган.

Юристтин айтымында, орусиялык корпорация Кыргызстандын "Дастан" трансулуттук компаниясын былтыр күзүндө Москванын Арбитраждык сотуна берген. Сот компаниянын доосун туура деп таап, "Дастанды" 240 млн. рубль негизги карызды төлөп, буга кошумча орусиялык компаниянын жоготуусу катары 39,7 млн. рубл айыпты жана 200 миң рубл сот чыгымдарын төлөөгө милдеттендирген.

"Электронинторг" экинчи келишим боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот анын доосун канааттандырып, "Дастан" заводун 33,7 млн. сом негизги карызын өндүрүп, 1,6 млн. сом жоготуусун жана 232 миң сом сот чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими быйыл 9-мартта чыккан.

Маалыматка караганда, 2020-жылы жай айларында Кыргызстанда коронавирус күчөп, өпкөнү жасалма дем алдыруучу шаймандарга болгон муктаждык күчөп турганда 300 стационардык, 100 мобилдик өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат Орусиядан насыяга аалып келинген. Бирок алар колдонулбай, "Дастандын"кампасында турганы быйыл январь айында, Жогорку Кеңештин жыйынында ачыкка чыккан.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG