Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

COVID-19: Кыргызстанда соңку бир күндө оору дагы 91 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Оору жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү (75 адам) Бишкек шаарында катталды. Учурда 16 адам ооруканада жатат, ал эми калганы үйүндө дарыланууда.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы расмий саны өлкөдө 201 миңден ашып, үч миңдей бейтап көз жумду.

Май айынан бери сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынбай калган.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 15-июлда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 1 миллион 571 миңден ашык, экинчи дозасын 1 миллион 340 миңден көп адам алган. Ал эми үчүнчү ирет же бустердик эмдөөдөн ушул убакытка чейин 238 186 адам өткөн.

Кыргызстанда соңку күндөрү COVID-19ду жуктуруп алгандар кайра каттала баштады. Дарыгерлер бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн вакцина алуу керектигин эскертип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG