Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Аба ырайы: Ысык-Көлдө суунун температурасы 20.1 градус


Ысык-Көл. Кыргызстан
Ысык-Көл. Кыргызстан

Кыргызстанда дүйшөмбү -18-июлда жалпы өлкө боюнча аптап сакталат. Эч бир аймакта жаан жаабайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн. Ысык-Көл, Нарындын айрым аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;

Нарын облусунда күндүн табы түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градуска жетет.

Чолпон -Атада абанын күндүзгү температурасы + 24 градус. Ысык-Көлдөгү сунун жылуулугу + 20.1 градус.

Борбор калаада жамгыр жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG