Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Орусия контрчабуулга даярданууда


17-июлда Винница шаары Орусиянын ракетасынан каза тапкан 4 жаштагы Лиза менен коштошту. Лизанын апасы Ирина Дмитриева чабуулда бутунан ажырап, реанимацияда. Ал даун синдромундагы кызынын жашоосун Инстаграмга жазып турчу. Винницадагы чабуулдан 200дөй киши жаракат алды.
17-июлда Винница шаары Орусиянын ракетасынан каза тапкан 4 жаштагы Лиза менен коштошту. Лизанын апасы Ирина Дмитриева чабуулда бутунан ажырап, реанимацияда. Ал даун синдромундагы кызынын жашоосун Инстаграмга жазып турчу. Винницадагы чабуулдан 200дөй киши жаракат алды.

Орусиянын армиясы Украинанын күчтөнгөн контрчабуулдарына жооп берүү максатында өлкөнүн түштүгүндө өз позицияларын чыңдай баштады. Ошол эле маалда Кремлдин күчтөрү чыгыштагы Донбасста да чабуулун курчутту.

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин 17-июлдагы маалыматы боюнча Орусия Европадагы эң ири атом электр станциясы жайгашкан аймакка - Херсон, Мариуполь, Мелитополь жана Запорожье шаарларынын ортосуна оор техникалары менен аскер күчтөрүн оодарууда. Министрликтин анализинде Москва муну Украинанын түштүгүндөгү өз аскерлерине жасалган чабуулга жана Донбасстагы кандуу кармаштын аяктабай жатканына жооп катары жасоодо.

Улуу Британиянын жогорку аскер башчысы, адмирал Тони Радакиндин Би-Би-Сиге берген интервьюсуна караганда, согуш башталгандан бери Орусия 50 миңдей аскеринен, 1700 танкасынан айрылды. Анын пикиринде жакын арада Путин бийликтен кетет деп айтууга негиз жок, себеби, ал баш көтөргөн оппозциянын өкүлдөрүнүн баарын басып келатат.

Ал арада Орусия Укранада кеңири чабуулун күчтөнтүп, Донбасстын аймагын толук басып алууну көздөөдө. Ошол эле маалда кандуу кармаштар өлкөнүн борбордук, түндүк-чыгыш жана түштүк аймактарында да уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG