Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

COVID-19: Жаңы 88 учур катталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы бир суткада COVID-19дун жаңы 88 учуру катталды. Анын 81и Бишкекте, алтоо Чүйдө, бирөө Жалал-Абадда. 13 бейтап ооруканага жаткырылды.

Акыркы жолу 80ден ашык учур быйыл февралда катталган. Андан бери оорунун саны азайган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бардык облустар жашыл аймакта.

Пандемиядан бери 201 миң 704 учур катталып, үч миңге жакын адам каза тапты.

Май айынан бери сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынбай калган.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 15-июлда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Расмий маалыматка ылайык өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 1 миллион 571 миңден ашык, экинчи дозасын 1 миллион 340 миңден көп адам алган. Ал эми үчүнчү ирет же бустердик эмдөөдөн ушул убакытка чейин 238 186 адам өткөн.

Кыргызстанда соңку күндөрү COVID-19ду жуктуруп алгандар кайра каттала баштады. Дарыгерлер бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн вакцина алуу керектигин эскертип жатат.

XS
SM
MD
LG