Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

ӨКМ: Күн аябай ысып, 42 градуска жетет


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Кыргызстандын аймагында беш күн бою күн аябай ысып, аба кургак болорун бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорология борбору билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 20-25-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарындын дыйканчылык аймактарында 29 градуска чейин жогорулайт.

Адистер мындай кургак жана ченемден тыш ысык аба ырайы учурунда күн ачык жерлерлерге көп чыкпай кое туруу керектигин, айыл чарба өсүмдүктөрүн кургатпай сугарып туруу зарыл экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG