Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

"Ынтымактын" куурап бараткан бак-дарактары калыбына келтирилүүдө


"Ынтымак" паркы.

Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” паркында сугат системасы бузулгандыктан куурап бараткан бак-дарактардын көпчүлүгүн сактап калуу мүмкүн болгонун бүгүн 18-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, система иштебей калган учурда күн аябай ысык болуп, өсүмдүктөр куурай баштаган.

Азыр шаардын тийиштүү кызматтары сугат иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.

“Ынтымак” борбор калаадагы жаңы парктардын бири. Ал түптөлгөндө жаңы отургузулган бак-дарактар улам калыңдап, парк шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайларынын бирине айланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG