Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

Мэр Абдыкадыров курулуш агенттигинин башчысы коррупцияга айыптаган вице-мэрге болушту


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы коррупцияга айыптаган вице-мэрге болушту. Бүгүн 19-июлда коррупцияга каршы координациялык кеңештин отурумунда архитектура жана курулуш тармагындагы жемкорлук талкууланды.

Мамкурулуш агенттигинин башчысы Нуртазин Жетибаев азыркы учурда Бишкектин вице-мэри болуп иштеп жаткан Бактыбек Абдиевди курулуш агенттигин башкарып турганда коррупцияга аралашкан жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген, курулуштарга уруксат берген деп айыптады. Ал Мамлекеттик курулуш агенттигинде мурда иштеген деп фамилиясы Асаналиев аттуу кишини да коррупцияга аралашкан деп, учурда алар мэрияда иштеп жатышканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул айыптоолор боюнча мэр Эмилбек Абдыкадыровго суроо салды. Мэр аты аталган кызматкерлерге расмий айыптоо жок экенин айтып, аларды кесипкөй адис катары сыпаттады.

Бүгүнкү жыйында айтылгандай, Кыргызстанда азыр өзүм билемдик менен курулган 78 объект, негизинен көп кабаттуу үйлөр бар, алардын 36сы Бишкекте. (TSh)

XS
SM
MD
LG