Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Ысык-Көлдө эки эс алуучу чөгүп кетти, төрт жашар кыз изделүүдө


Ысык-Көл. Кыргызстан
Ысык-Көл. Кыргызстан

Ысык-Көлдүн тескейиндеги "Аалам Ордо" борборунда эс алып жүргөн эки жаран сууга чөгүп кетти. Тоң райондук милициясынын билдиргенине караганда, 16-июлда кечке маал Барскоон айылынын 2006-жылы жана 2000-жылы туулган эки тургуну сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 16 жаштагы жигиттин сөөгүн эс алып жүргөндөр алып чыккан. 22 жаштагы тургундун сөөгүн куткаруучулар табышты.

"Аалам Ордо" эс алуу комплексин мурдагы депутат, Талас облусунун экс-губернатору Ташкул Керексизов түптөгөн. Бирок курулуш аягына чыгып, пайдаланууга берилген эмес. Комплекстин аймагында 24 боз үй бар, бирок "Аалам Ордо" эс алуучуларды да, туристтерди да, жергиликтүү элди да кабыл албайт.

18-июлда Ысык-Көлгө Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жаштагы кыз чөгүп кеткен. Окуя болгон жерде он куткаруучу, он милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундар издөө ишин жүргүзүп жатат.

Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, 4 санаторий, 364 чакан мейманкана, 8 эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан. (KO)

XS
SM
MD
LG