Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Иранда жазуучу айым хижаб кийбегени үчүн камакка алынды


Ирандагы хижабга жана жоолукка каршы чыккан сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация.
Ирандагы хижабга жана жоолукка каршы чыккан сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация.

Ирандын борбору Тегеранда 28 жаштагы жазуучу жана сүрөтчү Сепидех Рашно хижаб кийбегени үчүн камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” жергиликтүү кызматы – “Фарда” радиосу кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мунун алдында Рашно тартылган видео интернетке тарап кеткен. Анда белгисиз аял автобуста бараткан жазуучу айымды телефонго тасмага тартып, аны башына жоолук салынбаганы үчүн айыптаган. Ал видеону Ислам революциясынын сакчыларынын корпусуна жөнөтөрүн айтып коркуткан. Мындан кийин Сепидех Рашнону башка жүргүнчүлөр транспорттон жаалап түшүрүп коюшкан.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жаштан чоң кыздарга жана аялдарга коомдук жайларда хижаб кийип жүрүү милдеттүү эреже катары киргизилген. Көптөгөн аялдар ошондон бери бул талапты адам укуктарын бузуу катары баалап, айыпташкан. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттер да муну сынга алып, аялдар жоолуксуз түшкөн видеолорун таратышкан.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси 5-июлда хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү тапшырган. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелери айтылган. Анын ичинде хижаб кийбеген аялдар мамлекеттик мекемелерге, банктарга жана коомдук транспортторго киргизилбей турганы айтылган.

Бийликтин басымына каршылыгын билдирген активисттер социалдык тармактарда аялдарды көчөлөргө жоолуксуз чыгууга чакырып жатышат. Алар жарандарды #no2hijab хэштеги менен жаңы чектөөлөргө бойкот жарыялоого чакырып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG