Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Европадагы эксперттер Германиядан Украинага курал жеткирүүнү талап кылды


Украинанын аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чыгыш Европадагы дээрлик 100 адамдан турган эл аралык эксперттер тобу Германиянын өкмөтүнө ачык кайрылуу жөнөтүп, Украинага курал жеткирүүсүн тездетүүсүн талап кылды. Алар өз катында заманбап куралдардын тизмегин кеңейтүүнү да белгилешти.

Кайрылуунун авторлору Европа дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу Украинада тынчтык орнотууга болгон үмүтү акталган жок деп эсептешет.

“Оор техника азыр керек!” деп аталган катка саясатчылар, тарыхчылар, саясатчылар жана башка тармактагы 96 адам кол койгон. Кайрылуу Focus Online басылмасына жарыяланды.

Бул германиялык Zeit басылмасына июнда жарыяланган немис интеллектуалдарынын “Куралдантууну – азыр токтотуу керек!” деген кайрылуусуна жооп болду. Мында окумуштуулар, публицисттер жана маданий ишмерлер Германиянын өкмөтү Украинаны курал менен камсыздабай, тынчтык жол менен согушту токтотушу керектигин айтышкан. Жаңы кайрылуунун авторлору мурдагы кайрылуунун авторлорун Москванын саясий дымактарын аңдай албай жатканын сынга алган.

Экинчи эксперттер тобу Москва азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр эмес экенин, Владимир Путин Чыгышта Европа чөлкөмүндө Орусиянын үстөмдүгүн орноткусу келип жатканын белгилешет. Алар муну үчүн орус бийлигинин мурда Молдовага, Грузияга, Түндүк Кавказга койгон дооматтарын мисал келтиришет. Алар орусиялык агрессияга каршы туруунун жалгыз жолу Европанын Украинага жардам берүүсү экенине токтолушкан.

Башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Германия дагы Украинага согуш үчүн аскердик техника жөнөтүп жатат. Алар жөнөткөн техниканын бир бөлүгү Киевге келип түшкөн. Ошентсе да башка өлкөлөргө салыштырмалуу алардын жардамы кечеңдеп жатат жана азыраак болууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG