Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Токаев Казакстан чек ара маселелерин чечүүгө жардам бере ала турганын билдирди


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңешмесине Орусия менен Кытай байкоочу катары катышса болорун билдирди. Мындай пикирин казак лидери 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан чөлкөмдүн лидерлеринин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал чек араны тынчтык жолу менен чечүү керектигин, бул маселени кечиктирүү жакшылыкка алып келбесин айтты. Токаев Казакстан коңшулары менен чек арасын толук чечкенин белгилеп, бул багытта жардам бере ала турганын кошумчалады.

Ал чөлкөмдө экономикалык кызматташтык бекемделип, товар жүгүртүү 42% өскөнүн белгиледи, чек арада хабдарды ачып, товар жүгүртүүнү жакшыртуу зарыл экенин айтты. Анын айтымында Өзбекстан, Кыргызстан менен мындай иштер башталып, Тажикстан менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Түркмөнстан менен дан кампасын биргелешип куруу, бул өлкө менен транзиттик товарларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга өбөлгө түзчү жаңы жол куруу пландалып жатканын кошумчалады.

Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Кеңешменин жыйынтыгы менен чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. (КО/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG