Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

АКШнын чалгын кызматы Украинада Орусиянын 15 миңдей жоокери өлгөнүн маалымдады


Орусиянын Украинада талкаланган аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Украинада талкаланган аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушта Орусиянын 15 миңдей жоокери өлдү, 45 миңдей жоокери жарадар болду. Бул тууралуу АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бёрнс Колорадо штатындагы коопсуздук боюнча форумда билдирди.

Axios басылмасы келтиргендей, Бёрнс украин армиясынын жоготуулары салыштырмалуу мындан бир топ азыраак экенин айтты. Ал бул жоготуулар эки тарап үчүн олуттуу экенин кошумчалады.

Москва менен Киев согушта каза болгон аскерлердин санын так айтуудан карманып келүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 25-мартта гана маалымат берген. Анда 1351 аскер өлгөнү, 3825и жарадар болгону маалымдалган. Эксперттик чөйрө бул маалыматтар алда канча азайтып көрсөтүлгөнүн билдирип келет.

Украин бийлиги күн сайын каза тапкандар тууралуу учкай маалымат бергени менен жалпы курмандыктарды эч качан тактаган эмес. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги бул боюнча маалымат мамлекеттик сыр экенин жарыялап, жоготууларды ачыктоону “душманга иштөө” менен теңеген. Украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович июндун башында Украина 10 миңдей аскердик кызматкерин жоготконун айтканы бар.

Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы июлдун ортолорунда ачык булактарга таянуу менен Украинадагы согушта Орусиянын кеминде 4760 аскери өлгөнүн эсептеп чыккан. Бул ырасталган гана курмандыктар. Журналисттер реалдуу өлүмдөр мындан алда канча көп экенин белгилейт.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, согуш башталгандан бери 39 миңдей орус аскери мерт болду.

Согуш маалында кагылышкан тараптар адатта өздөрүнүн жоготууларын азайтып, каршылаш тараптыкын көбөйтүп көрсөтүшөт. Эки тараптын маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерип, ырастоо азырынча мүмкүн эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG