Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Иранда имараттын урашы боюнча 20 киши айыпталды


Иранда Абадан шаарында кулаган имараттын урандылары.
Иранда Абадан шаарында кулаган имараттын урандылары.

Иранда ондогон адамдын өлүмүнө алып келген жана ири нааразылык акцияларына себеп болгон имараттын урашы боюнча окуяга байланыштуу 20 кишиге айып тагылды. “Фарда” радиосу кабарлагандай, алардын үстүнөн соттук кароо башталды.

23-майда Абадан шаарындагы курулушу толук бүтө элек он кабаттуу имарат урап түшкөн. Башында 20 киши набыт кетип, кырктайы жараат алганы кабарланган. Урандылардын астынан дагы сөөктөр табылып, өлгөндөрдүн саны 43кө жетти.

Бул кырсыктан кийин тургундар нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Жакындарын жоготкондор окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, акыйкат чечим чыгарууну талап кылган. Алар бул кырсык курулуш тармагындагы шалаакылыктардан жана коррупциядан улам болгонун даттанышкан.

Прокуратура курулуш компаниясынын жетекчилигине, муниципалитеттин архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Үйдүн кулашы боюнча акция өлкөнүн аймагындагы кымбатчылыкка байланыштуу уланып жаткан акцияларга туш келип, бийлик катуу чараларды көрдү. Ирандын коопсуздук күчтөрү көп кабаттуу имарат кулагандан кийин демонстрацияга чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок чыгарган. Өлкөдөгү жалпы акциялар жапырт башаламандыктар менен коштолууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG