Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Буудай экспортун сүйлөшүү үчүн орус-украин делегациялары Стамбулга келди


Украинанын согуштук абалда өрттөнүп жаткан буудай талаалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын согуштук абалда өрттөнүп жаткан буудай талаалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Уланып жаткан согуштун фонунда Украинадан дан азыктарын экспорттоо боюнча Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жактырган макулдашууга кол коюу үчүн орус-украин делегациялары Түркияга келди.

Орусиянын Коргоо министрлиги министр Сергей Шойгу Стамбулга конгонун ырастады. Аталган шаарга Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков да келгени расмий кабарланды.

Украин данын экспорттоо келишимине 22-июлда Стамбулда кол коюларын мунун алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы кабарлаган. Келишимге кол коюу иш-чарасына Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышарын Anadolu агенттиги жазды.

Гуттериштин кеңсеси БУУнун баш катчысы Түркияга учуп кеткенин ырастаганы менен келишимге кол коюла турганына толук ишене элек.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.

Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келген.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка кабылгандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG