Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

АКШнын элчиси Вашингтон Украинаны колдоосун уланта берерин айтты


АКШнын Украинадагы элчиси Бриджет Бринк.
АКШнын Украинадагы элчиси Бриджет Бринк.

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөштө Украинага аскердик жардам берүүсүн канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт уланта берет.

Бул тууралуу АКШнын Украинадагы элчиси Бриджет Бринк билдирди. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматына курган маегинде Кошмо Штаттары Украинага коопсуздук жаатындагы ири жардам берүүчү экенине "чынында эле сыймыктана турганын" айтты.

Жардам алыс аралыкка атуучу артиллерия, абадан жана деңизден коргонуу каражаттары, ок-дары жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт.

Анын айтымында, АКШ жардамды мүмкүн болушунча тез арада берүүгө аракеттенип жатат.

Элчи "Украинага аскердик жардам канча убакыт талап кылынса, ошончого чейин берилет" деп кошумчалады. Бринк маекти АКШ Украинага 22-июлда кошумча 270 миллион долларлык аскердик жардамын жөнөтүүнү жарыялагандан кийин берди. Анда орто аралыкка учуучу ракета тутумдары жана тактикалык дрондор камтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG