Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Болочок мугалимдердин стипендиясына кошумча акча төлөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мугалимдик кесипке үйрөтө турган окуу жайды тандап алган жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн алардын стипенциясына кошумча акча төлөп берилмей болууда. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 25-июлда журналисттерге билдиргендей, мындай колдоо жаштарды мугалимдик кесипти тандоого шыктандыруу максатында көрсөтүлөт.

Анын айтымында, Министрлер кабинети министрликтин жалаң бешке баага окуган студенттерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000, 3-курста 3000 жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү тууралуу идеясын бир добуштан колдоду.

Мугалимдин иши оор, айлыгы аз болгондуктан соңку жылдары бул кесипти тандагандар өтө азайып кеткен. Өкмөт педагогдордун айлыгын быйыл жазында кыйла көбөйттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG