Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

“Сары-Челек” коругун каптаган курт гүл-чөптү жок кылууда


"Сары-Челектеги" пахта үкүчөсү (совка).
"Сары-Челектеги" пахта үкүчөсү (совка).

Жалал-Абад облусундагы “Сары-Челек” коругунда болжол менен жүздөй гектар аянтты пахта үкүчөсү (совка) каптап, гүл-чөптү жок кылып жатат. Бул тууралуу 25-июлда “Азаттык” радиосуна коруктун жетекчисинин орун басары Нарынбек Мазенов билдирди.

Анын айтымында, ушул айда каптай баштаган куртту тез арада биологиялык жол менен жок кылбаса, ал коруктун башка тараптарына да жайылып, экологияга чоң зыян алып келиши ыктымал болууда:

“Жардам сурап Жалал-Абад облусундагы башкармалыкка да кат жолдодук. Бул жерде “Кызыл китепке” кирген чөптөр менен гүлдөр бар болгондуктан ишти эртелетип, куртту жок кылышыбыз керек".

Токойдон сырткары коңшу Аркыт айылындагы элдин эгин талааларын да курт басып, жергиликтүүлөрдүн айласын кетирип жатканы айтылды.

Уникалдуу аймактардын катарына кирген “Сары-Челек” коругунуда тереңдиги 244 метр, узун-туурасы 3-8 метрлик көл бар. Көлдөн Кожо-Ата чакан дарыясы аркылуу суу сыртка агып чыгып, Нарын дарыясына куят. Корук аймагын жаныбарлардын 40тан ашык, канаттуулардын 150дөй түрү мекендейт. Алардын жана өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү “Кызыл китепке” кирген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG