Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Балдар омбудсмени эки кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алды


Асел Чынбаева
Асел Чынбаева

Балдар омбудсмени Асел Чынбаева эки кылмыш ишин көзмөлүнө алды. Алар - Түп районунда зордукталган 16 жаштагы кыз жана Каракол шаарында катуу сабалган Айзат Үсөнбаевага байланыштуу иштер.

Таратылган маалыматка караганда, Асель Чынбаева Ысык-Көлдө облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук прокуратуранын, социалдык коргоо кызматтарынын жетекчилери менен жолугуп, маселени талкуулаган.

Маалым болгондой Айзат Үсөнбаеванын үй-бүлөдө зомбулукка кабылганы боюнча кылмыш иш сотко өттү.

Ал эми Түптөгү майыптыгы бар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иш иликтенип бүтүп калды, ал жакында сотко өтмөкчү. Айыпталуучу катары кыздын 64 жаштагы кошунасы эсептелүүдө. Бирок ал адам күнөөнү мойнуна алган жок.

Кыргызстанда акыркы жылдарда аялдарга, жашы жетелек өспүрүмдөргө, кыздарга зомбулук күчөп жатканы белгилүү. Айзада Канатбекованын уурдалып, киши колдуу болушу, Таласка ала качылып баратып киши колдуу болгон Бурулайдын окуясы, акыркы жылдарда милиция кызматкерлери баш болгон адамдар тарабынан зордукталып келген 13 жашар кыздын окуясы коомдо нааразычылыктарды жараткан. Эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигин бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырып келатат.

Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы мындай окуяларды айыптаган пикирлерин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG