Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

"Жалал-Абад" санаториясынын мурдагы жетекчиси камалды


Жалал-Абад шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт
Жалал-Абад шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мамлекеттик мүлктү уурдоого шек санап Профсоюздар федерациясынын жетекчи орун басары А.М.Д. аттуу жаранды камакка алды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматта айтылганга караганда, ал 2012-жылдын 2021-жылга чейинки аралыкта "Жалал-Абад" пансионатын жетектеп турган маалда жасалма документтердин аркасы менен мамлекетке 42 млн. сом зыян келтирген деп шектелип жатат. Азыр тергөө иштери уланууда.

"Жалал-Абад" курорту аты уйкаш облустагы бирден бир ден соолукту чыңдоочу жай болуп эсептелет. Курорттун аба ырайы адамга жагымдуу. Жайында эс алуу борбору 450ге чейин, кыш мезгилинде 150ге чейин адамды кабыл ала алат. Курортто адамга диагноз коюучу кабинеттерден тышкары баткак менен дарылоо, укалоо, минералдык ванна бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG