Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Бүгүн сөз эркиндигине байланыштуу эки сот жараяны өтөт


Сөз эркиндигин талап кылуу акциясы. Бишкек, Кыргызстан. Фото архивден
Сөз эркиндигин талап кылуу акциясы. Бишкек, Кыргызстан. Фото архивден

Бүгүн - 29 - июлда Биринчи май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевге байланыштуу соттук териштирүү уланат. Бул тууралуу каналдын уюштуруучусу Равшан Жээнбеков социалдык тармакка жазды.

Таалай Дүйшөмбиев быйыл 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы козгогон иштин алкагында камалган болчу. Айыптоочу тараптын версиясы боюнча Next TV социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин билдирүүсүнө таянып, чындыкка коошпогон маалымат тараткан.

Ага Кылмыш кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айып коюлууда. Таалай Дүйшөмбиев ага коюлган айыптарды моюнга алган жок.

26-июлда Жогорку сот Next TV телеканалынын социалдык тармактарга тараткан маалыматын экстремисттик деп тапкан Биринчи май райондук соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырган.

Бүгүн - 29-июлда Бишкек шаардык сотунда сөз эркиндигине байланыштуу дагы бир иш каралат. Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин бөгөт чарасын 27-июлда Биринчи май райондук соту карап, анын камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Ошентип жактоочунун аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Адилет Балтабай быйыл 30-июнда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганы белгилүү болгон, бирок кайсы башаламандык тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган эмес.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп сыпаттаган. Ниязбековдун пикиринде, Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденген жана ички иштер органдары мыйзамдын чегинде иш алып барып жатат.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары аталган эки ишти тең бийлик сөз эркиндигине басым жасап, альтернативалуу эркин пикирлерди айтууга тыюу салып жатат деп белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG