Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Майлуу-Суу: 13 жаштагы кыз төрт күндөн бери дайынсыз болууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 13 жаштагы тургуну изделип жатканын анын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу билдиришти. 29-июлда жарыяланган маалыматта айтылгандай, өспүрүм кыз 25-июлда курбу кызынын үйүнө барып келерин айтып, суранып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Эки күндөн кийин ал чоочун номурдан телефон чалып, үйгө эртең барарын айткан, өзүнүн телефону өчүк болууда. Ата-энеси чоочун номурга кайра чалганда ал Бишкектеги мейманканалардын биринин администраторуна таандык болуп чыкты. Кыз 26-июлда аталган мейманканага жайгашканы белгилүү болду. Ошол эле күнү кыз сыртта жүрүп келерин айтып мейманканадан чыгып кеткен.

27-июлда таңга жуук аны мейманканага эки милиция кызматкери жеткирип барып, администраторго өткөрүп берген. Ал күнү үйгө кетерин айткан кыз мейманканадан чыгып кеткен бойдон дайыны жок болууда.

Окуяга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык жана Бишкектеги Ленин райондук милициясына арыз жазылганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG