Жарым-жартылай таанылган Косово мамлекетиндеги этникалык сербдер өкмөттүн паспортторго жана машинелердин номерлерине байланыштуу талабына каршы болуп, Сербия менен чек арадагы эки негизги жолду тосуп салды.
Косовонун түндүгүндөгү серб тектүү жарандар 1999-жылкы согуштан кийин Сербиядан паспорт алышат жана Сербиянын мекемелери берген автоунаа номерлери жүрүшөт. Косовонун өкмөтү муну мыйзамсыз деп эсептейт, бирок сербдер басымдуулук кылган түндүктөгү төрт муниципалитетте аны колдонууга уруксат берип келген.
Өкмөттүн жаңы талабына ылайык, жергиликтүү сербдер 1-августтан тартып Косовонун паспортторун алып, машинелерине Косовонун мамлекеттик номерлерин тагышы керек. Жарандарга бул талапты аткаруу үчүн сентябрдын аягына чейин убакыт берилген.
Косовонун полициясы каршылыкка чыккан айдоочулардын блокадасынан улам 31-июлдун кечинде Сербия менен болгон чек арасындагы Яринье жана Брняке – эки өткөрмө бекети жабылганын маалымдады. Чек арада чыңалуу күчөдү.
Албандар басымдуулук кылган Косово аймагы мурда Югославиянын карамагында болгон, бул мамлекет чачырагандан кийин Сербиянын курамында турган. 1991-жылы өз алдынчалык жарыялап, анын арты 1998-1999-жылдары согушка алып келген. 1999-жылы жаңжалга НАТО аралашып, Сербияны бомбалагандан кийин тиреш басылган.
2008-жылы албандар Косовонун көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган, жергиликтүү сербдер буга каршы чыккан. Косовону Европа Биримдигиндеги көпчүлүк өлкөлөр республика катары тааныйт, Сербия аны өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. (ErN)