Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленет


Казыбек казалчынын эстелиги. Нарын шаары
Казыбек казалчынын эстелиги. Нарын шаары

6-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Босого жайлоосунда акын, казалчы Казыбек Маметемин уулунун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар тобунун мүчөсү Мирбек Темиров "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилигинин көмөгү менен негизинен жергиликтүү тургундардын колдоосу астында өтмөкчү, республикалык бюджеттен ага акча каралган эмес.

Иш-чаранын программасынын долбооруна ылайык маараке күнү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры "Казыбек казалчы" спектаклинен үзүндү коёт. Мындан тышкары элдик таланттар, Ат-Башы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери, "Шайыр апалар" тобу өз өнөрлөрүн тартуулайт. Улуттук спорт оюндарынан күрөш, таяк тартыш, эр эңиш өтмөкчү. Кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси каралган. Иш-чара белгилүү ырчылардын концерти менен жабылат. Протоколдук бөлүмүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышып, сөз сүйлөрү белгиленген.

Казыбек Маметемин уулу 1901-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1902-жылы) Ат-Башы районунун Чет-Келтебик жайлоосунда туулган. Атасы Маметемин бий болуп 10 жылча иштеген. Анын бий болушуна Шабдан Жантай уулунун көмөгү тийген.

Казыбек жаш кезинен эле жамактатып ыр чыгарып, акын катары эрте таанылган. Бирок атасы ага алгач каршы болуп, кийин 1929-жылы Кыргызстан боюнча 44 манап, бай, бийлер Оренбург шаарына (Орусия) сүргүнгө айдалгандан тартып Казыбектин ыр чыгарып, казал айтышына каршылыгын токтоткон.

Казыбек Оренбург шаарынан бошоп келгенден кийин кайындары тарапта - Ак-Талаа районунда жашап жүрүп, кийин А-Башыга барып, андан Кытайга эл менен кошо качып, жер которгон. Андан кайра Кулжа тарапка бараткан маалда советтик аскерлердин колуна түшүп, соттолгон. Айрым маалыматтар боюнча Ташкен шаарында, айрым кабарлар боюнча Чырчыкта, кээ бир маалыматтар боюнча ал жактан келатканда Өзгөн районунун аймагында Казыбек Маметемин уулу 40 жашка чыгып, чыкпай каза тапкан. Сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз.

Казыбектин ырларына Советтер Союзу маалында тыюу салынган. Ага карабай анын ырлары эл арасына кеңири таанылып, ооздон-оозго өтүп айтылып келген. Анын чыгармачылыгын иликтеген бир катар окумуштуулар Казыбекти Токтогул Сатылганов, Жеңижок Көкө уулунан ашса ашып, кем калбаган залкар акын болгонун белгилешет.

1982-жылы 1-январда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көмөгү менен санжырачы, казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулунун айтуусунда Казыбектин казалдары республикалык теле аркылуу жалпы элге жарыя болот. Ошондон тартып Казыбектин айланасында талкуу кайра кызыган.

Эгемендиктин алгачкы жылдары Ат-Башы районундагы Пограничник айылына Казыбектин аты коюлуп, Нарын шаарында анын эстелиги ачылган.

Мыйзам жүзүндө Казыбек Маметемин уулу 2022-жылдын 16-февралда гана Жогорку сот тарабынан толук акталды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казыбек Маметемин уулунун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратура кайрылган. Натыйжада ал өтүнүч канааттандырылып, СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун өкүмдөрү жокко чыгарылды. (КО)

XS
SM
MD
LG